КР стандарттары · 2026-2027 окуу жылы

Мугалимдин документтери

Сабак планы, КТП, текшерүү иш, класс жетекчинин жана ЖОЖдун документтери — расмий форма боюнча бир мүнөттө. Оңдоп, Word форматында жүктөп алыңыз.

Кайсы өлкөнүн формасы:

Кимге документ керек?

Мектеп мугалими3

Класс жетекчи5

ЖОЖ жана колледж3

Лимиттер кандай иштейтАкысыз 3 документ (бир жолу)Жазылуу менен — күнүнө 20, 00:00дө жаңыланатКененирээк
Жазылуусуз
  • 3 документ акысыз — бир жолу гана, кайра толбойт
Жазылуу менен
  • Күнүнө 20 документ
  • Лимит ар күнү 00:00дө (Бишкек убактысы) жаңыланат
  • Ийгиликсиз аракет лимитке кирбейт
  • Өчүрүлгөн документ лимитти кайтарбайт
  • Бир убакта 2 документке чейин түзүлөт

КР стандарттары · 2026-2027 окуу жылы · Word (.docx)

Мугалимге керектүү документтер бир жерде

BilimAi мектеп мугалимдерине, класс жетекчилерге жана ЖОЖ окутуучуларына күн сайын керек болгон 11 документти Кыргыз Республикасынын формасы боюнча бир мүнөттө даярдайт: сабактын план-конспекти (5E, 3С+1Е же салттуу модель), календардык-тематикалык план, суммативдик текшерүү иш, тарбиялык иш планы, тарбиялык саат, мүнөздөмө, ата-энелер чогулушунун протоколу, ачык сабактын анализи, силлабус жана жумушчу программа.

Документ 2026-2027 окуу жылынын календарына жана КББАнын 12 жылдык билим берүү программаларына ылайыкталат. Даяр документти ушул эле жерден оңдоп, Word файлы катары жүктөп аласыз.

Документте эмне болот

  • Сабак планы 5E (КББАнын 2026-2027 сунушу), 3С+1Е жана салттуу 8 баскыч модели боюнча.
  • КТП: чейректер, сабак даталары жана майрам күндөрү автоматтык эсептелет.
  • Суммативдик иш: тапшырмалар, жооптор, критерийлер жана баага которуу таблицасы.
  • Класс жетекчиге: тарбиялык план, тарбиялык саат, мүнөздөмө, протокол.
  • ЖОЖ жана колледжге: силлабус, ОшМУнун модулдук-рейтинг силлабусу, жумушчу программа.
  • 5 тил, түз оңдоо, Word (.docx) жана шилтеме менен бөлүшүү.

Кантип түзүлөт

  1. 1Форманы толтуруңуз. Класс, предмет жана теманы жазыңыз — калган талаалар милдеттүү эмес.
  2. 2«Документти түзүү» баскычын басыңыз. AI документти КР формасы боюнча бир мүнөттөй даярдайт.
  3. 3Текшерип оңдоңуз. Ар бир сапты ушул эле барактан түз басып өзгөртсөңүз болот.
  4. 4Word файлын жүктөп алыңыз. .docx файлын басып чыгарыңыз же шилтеме менен кесиптешиңизге бөлүшүңүз.

Көп берилүүчү суроолор

5E модели деген эмне?

5E — сабакты беш этапка бөлгөн модель: кызыктыруу (Engage), изилдөө (Explore), түшүндүрүү (Explain), колдонуу (Elaborate) жана баалоо (Evaluate). Кыргыз билим берүү академиясы аны 2026-2027 окуу жылына сунуштады.

Акысызбы?

Катталган ар бир мугалим бир нече документти акысыз түзүп көрө алат — саны барактагы «Лимиттер» бөлүгүндө жазылган. Жазылуу менен документтер күн сайын түзүлөт, лимит ар күнү 00:00дө (Бишкек убактысы) жаңыланат.

Документ Word форматында жүктөлөбү?

Ооба. Даяр документ .docx файлы болуп жүктөлөт — аны Microsoft Word, LibreOffice же Google Docs'то ачып, кааласаңыз дагы оңдой аласыз.

Кайсы тилдерде түзүлөт?

Кыргызча, орусча, англисче, казакча жана өзбекче. Кыргыз жана орус тилдеринде КББАнын расмий программалары жана КТПлары колдонулат.

Казакстандын формасы барбы?

Ооба. «Казакстан» деп тандасаңыз, документ Казакстандын формасы боюнча түзүлөт: КСП (кыска мөөнөттүү план), орто мөөнөттүү план, СОР/СОЧ тапшырмалары жана башкалар.

Башка документтер